"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалды. Буул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалыматка караганда, Дашков коррупция боюнча айыпталууда. Ал бүгүн, 18-майда кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилет.
Дашков аталган ишканада 2006-жылдан бери эмгектенип, 2020-жылдын апрель айында башкы директорлукка дайындалган. Ал 2021-жылдын март айынын соңунда кызматтан кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн