Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Кыргыз темир жолу" 150 вагон жана үч тепловоз сатып алат

27.07.2021 15:50
1523
"Кыргыз темир жолу" 150 вагон жана үч тепловоз сатып алат


"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 150 вагон жана үч тепловоз сатып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.


"Эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, макулдашуу процедуралары ишке ашып жатат. Алар 150 жүк ташуучу вагон жана үч тепловоз сатып алуу үчүн каржылык жардам берери ыктымал болууда", — деп айтылат билдирүүдө.


Ошол эле кызматташуунун алкагында темир жолдун рельс жана шпалдарын, Боом капчыгайындагы көчкүдөн коргоочу темир жол коридорун оңдоо иштери жүргүзүлөт.


Мындан тышкары, компания жарым жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Бул аралыкта 3,5 миллион тонна жүк (былтыркы жылдын ушул убагына карганда 9 пайызга көп) жана 119 миң жүргүнчү (47 миң кишиге көп) ташылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн