Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Кыргыз темир жолу" 20 км рельс сатып алды

11.11.2021 11:28
671
"Кыргыз темир жолу" 20 км рельс сатып алды

"Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алды. Бул тууралуу ишкананын кабарлашты.


«10-ноябрь күнү Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», — деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.


20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:


— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан 148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;


— 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);


— темир жолдун 3676 чм («Мерке-Чалдовар») 1 чакырым рельс төшөлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн