"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Кытай темир жолунун №3 инженердик корпорациясы менен келишим. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалым болгондой, эки ишкана КТЖнын стратегиялык пландарын ишке ашыруу боюнча кызматташат.
"Кытай ишканасы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темии жолун куруу инфраструктурасын өнүктүрүү жана Луговая – Балыкчы темир жолун жарыктандыруу боюнча кызматташат.
Жакынкы аралыкта эки тараптын өкүлдөрү жолугушуп, кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулайт.
Долбоор инвестор жана КТЖнын жеке бюджети тарабынан ишке ашырылат",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн