"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Сакиев учурда 32 жашта.
Аталган ишкананы буга чейин кылмыш иши козголгон Василий Дашков жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн