Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын 4 кызматкери мамлекетке зыян келтирип кармалды

05.06.2020 17:16
990
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын 4 кызматкери мамлекетке зыян келтирип кармалды


"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын 4 кызматкери коррупциялык схема түзүп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.


Маалыматка ылайык, мамлекеттик ишкананын мурдагы жана азыркы жооптуу адамдары мамлекеттик сатып алууда бааларды атайлап жогорулатышкан. Келишимге ылайык, бөлүнгөн акчанын 15 пайызы ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган.


Ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Эсептөө палатасынын соттук-медициналык экспертизасынын жана аудитинин натыйжасында, айрым бир мамлекеттик сатып алуулардан эле мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени белгилүү болгон.


Учурда тергөө иштери улантылып жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн