Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жаңы жетекчиси ким? Аны кандай түйшүктөр күтүп турат?

12.04.2020 18:44
889
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жаңы жетекчиси ким? Аны кандай түйшүктөр күтүп турат?


Бир нече күн мурун "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп  Василий Дашков дайындалды.  Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Василий Дашковдун өмүр жолуна токтоло турган болсок, ал эки жогорку билимдин ээси. Юридикалык жана техникалык окуу жайын аяктаган. Биринчи кесиби боюнча укук коргоо органдарында баш аягы 17 жыл иштеген. Кийин 2006-жылы  "Кыргыз темир жолу" ишканасынын көпүрө куруу боюнча бөлүгүнө жетекчи болуп келген.  14 жыл аралыгында бул ишканада ар кандай баскычтарды басып өтүп, соңку убакта "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.  


Ал эми "Кыргыз темир жолу" ишканасына токтоло турган болсок, абалы анча жакшы эмес.  Көп чуулгандуу иштерден кийин, тазалануу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу сындуу жаңы чакырыктар күтүп турат.  


15 жылдай бул мекемеде иштеген Василий Дашков ишкананы, ички түзүмүн, стратегиялык долбоорлорду кантип ишке ашыруу керек, ага кандай механизмдерди колдонуу керек жакшы билет.  Жаңы жетекчини жакшы билген адамдар аны ишкананы дагы жаңы тепкичке алып чыга ала турган кадр катары сыпаташат.   


Ал эми ишкананын келечекте жасала турган орчундуу иштерине токтоло турган болсок, жаңы темир жолдор курулуусу күтүлүп жатат. Алардын бири  Балыкчы -Кара-Кече темир жолу.  


Маалыматка ылайык, Балыкчыдан Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине чейин 70 чакырым темир жол жана 2 станция курулат.  Ал өлкөдөгү көмүргө болгон муктаждыкты жоюу жана Казакстандын көмүрүнө көз каранды болбоо максатында салынып жатат. 

Ал мамлекеттик бюджеттен каржы коротулбай Россиядан грант катары берилген акчага салынат.  Аталган келишимге март айында кол коюлуп, курулуш иштери быйыл башталмак. Бирок Коронавирус пандемиясына байланыштуу долбоор убактылуу токтоп турат.  Долбоор боюнча темир жолду салууга баш аягы 10 млн доллар коротулат.  

Өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташса эле, темир жолду салуу иштери башталат.  

Албетте Василий Дашков бул ишеничти актайт деп үмүт кыла туралы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн