Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Н.Назарбаевге жооп кайтарды

09.07.2021 13:30
1759
"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Н.Назарбаевге жооп кайтарды


Башкалар сын такса да капталыбызда канатташ жашаган казак туугандар бизге карата кез кези менен таш ыргытканы башкага билбейм мага жакбай жүрөт. Бул жолу катардагы бир казак тууган эмес, ЭЛ БАШЫ, ЖУРТ БАШЫ делген Нурсултан Абишовичтин оозунан "30 жылдан бери кыргыз оңолбой койду" -деген сөздүн чыгышы жакын бир тууган элдин экс-президенти айта турган сөз эмес эле!? Ал тургай бул жорук саясий-дипломатиялык этикага да туура келбей калды. Атасынын көрү десе, же карылыкбы ким билсин!? Эмнеси болсо да кыраакы адамдын кеби мындай болбойт. Анчалык күйөт экен Кыргызстан үчүн эң оор күндөрдө такай чек араны жаап таштабай туугандык жардамдарын көрсөтсө болот беле? Элдин эсинен чыккыдай кылым айлана элек го, эки жолку ачарчылыкта казакты кыргыз бооруна тартып сактап калбады беле?! Ошол жакшылыктарды унутууга болобу?

Урматтуу Нурсултан ава! Казактын отуз томдук тарыхын жаздырганыңыз жакшы иш болду, ал эми уялбай эле тарых булактарында "кыргыз", " кара кыргыз"-деген аталыштарды, тарыхты бурмалап "казакташтырып" салганыңар өтө осол иш болду. Бул тарых илиминин алдында чыккынчылык!

Казак туугандарга карата кыргыздын кең пейилдиги байыртан эле бар экендиги Айкөл Манас атанын Көкчө ханды көкүрөгүнө тарткан окуялардан эле ачык көрүнүп турат. Манас эпосунун тагдыры таразага түшүп, катуу талкууга алынган элүүнчү жылдардагы окуядагы казактын алп жазуучусу М.Ауэзовдун чыныгы боордоштуктун, тилектештиктин үлгүсүн көрсөткөн ролун кыргыз эли эч качан унутбайт. Ушул ж.б окуялар биздин бир эле эл экендигибиздин далили. Анан калса казактын үлкөн тарыхчы- окумуштуусу Шакерим Кудайбердиев жазгандай казактын теги кыргыз эле! Андай болсо "түпкү тегибиз кыргызбыз"- деп эле тарыхый чындыкты бурмалабай жазгыла да!

Ырас обочолонуп, өзүнчө элбиз, мамлекетбиз деп жарыялаган эгемендүүлүк дөөлөтүңүздөрдү кыргыз эли таанып, сый-урмат менен мамиле кылып келет. Каркыра-Хан Теңиринин бир капталын алууга жетиштиңер, Ысык Көлдүн жээгинен пансионаттарды менчиктеп алуу укугуна ээ болдуңар. Бул иште кыргыз жетекчилеринен кемчилдиктер кетти. А сиз болсо Нурсултан ава, өзүңүзгө керек учурда жылуу сөзүңуздү оргуштата айтып, бир туугандык мамилени ашыгы менен колдонуп келдиңиз. Эми болсо дөөлөттүү жашап, Казактын эле эмес, Борбордук Азиянын аксакалы атагына ээ болуп калган мезгилде майда сөзгө кирип, Жараткан тартуулаган зоболоңузду өз колуңуз менен кыя чаап жатканыңызды сездиңиз бекен!?

Казакстандын бүгүнкү күндө бизден кем эмес көйгөйлөрү толтура, сырткы карызы, ички маселелери..ж.б Биз табалабайбыз, тооба менен жүргөн элбиз. Кыргыздын кел кели келатат. Тарыхтын ар кандай сыноосунан тайсалдабай өтүп, өз тагдыры, келечеги үчүн дымып калбастан күрөшүп, жаңы доорго алгачкылардан болуп көч баштап кирип бараткан кыргыз элине суктансаңыз болот! Анткени сиз да даңктуу кыргыз урпагысыз. Сөз көп эле... ушул жерден кайрыдым.

Р.S Урматтуу Нурсултан ава! Күн ысык, кыргыздан белекке алган пансионаттарга уялбай келе бериңиз, кыргыз пейилине аалам батат...

Сизге жооп кайтарган Желтоксан окуясында курсташтарым менен атайын Алма Атага аттанып чыгып, окуудан айдалып кете жаздаган, токсонунчу жылдардагы студент, азыркы "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн