"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы Жарасул Абдураимов кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага Абдураимов менен кошо анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев да кызматтан алынган.
Акционердик коомдун жаңы жетекчилери азырынча жамаатка тааныштырыла элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн