Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси 33 жаштагы жигит

13.11.2020 19:29
1541
"Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси 33 жаштагы жигит

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңеши  33 жаштагы Элмырза Укубаевди төрага кылып дайындады. Бул тууралуу аталган коомдон кабарлады. 


“Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Укубаев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткараарын белгилешти, себеби ал жер казынасын пайдалануу жагынан тажрыйбага бай жана тоо-кен тармагындагы чыныгы абалды жакшы билет”,- деп билдиришкен “Кыргызалтын” директорлор кеңешинин мүчөлөрү.


Директорлор кеңеши жаңы төрага жаш болгонуна карабастан бул ишти жогорку деңгээлде алып кете алат деп ишенет. 


Элмырза Укубаев буга чейин тоо-кен тармагында бир топ жооптуу кызматтарда эмгектенип келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн