Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 20:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Кыргызалтындын" жетекчиси Элмырза Укубаев пара талап кылуу фактысы менен кармалды

"Кыргызалтындын" жетекчиси Элмырза Укубаев пара талап кылуу фактысы менен кармалды

КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Укубаев Элмырза алтын өндүрүүчү ишканалардын айрым жетекчилеринен  акча талап кылуу жана акча алуу боюнча тутумдуу фактылар аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка  ылайык, Укубаев отчет берүүчү алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан кетирүү коркунучу менен ал айлык маянасынын бир бөлүгүн өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылган.


2021-жылдын 12-февралында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чараларынын натыйжасында, Элмырза Укубаев пара менен кармалган.


Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтындын" жетекчиси тарабынан опузалоо жана пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


12-февраль 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде "У.Э.А." кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн