"Кыргызалтын" ачык акционердик коому өзүнүн корпоративдик паркы үчүн 3 жаңы унаа сатып алды. Алар Кыргызстандагы заводдо чыгарылган Chevrolet Tracker кроссовери экени айтылды.
Ишканадан маалымдашкандай, унаалар кызматтык максатта колдонулат. Муну менен компаниянын автопарктары жаңыланып, Chevrolet Tracker кызмат мөөнөтү аяктаган унаалардын ордуна алмаштырылат.
Ошондой эле жаңы унааларды сатып алуу атамекендик өндүрүшкө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн