Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Кыргызалтын" өндүргөн алтындан Улуттук банк сата элек

17.06.2022 12:18
656
"Кыргызалтын" өндүргөн алтындан Улуттук банк сата элек

“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын бүгүнкү күнгө чейин эч ким сатып ала элек. Бул тууралуу Улуттук банк "Акчалар" агенттигине билдирген.


Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук банкы 1-февралдан тарта “Кыргызалтын” ААК чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын өлкөнүн ички рыногуна сатыкка чыгарган.


Маалыматка ылайык, сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн улуттук валютада жекече белгиленет жана расмий сайтка күн сайын жарыяланып турат.


Бүгүнкү күндө куймалардын баасы салмагына жараша 57,4 млн сомдон (12,03 кг) 62,4 млн сомго (13,07 кг) чейин өзгөрүп турат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн