Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Кыргызавтожолдун" Талас филиалынын кызмат адамдары 10 млн сомду кымырып алышкан

23.08.2023 12:51
277
"Кыргызавтожолдун" Талас филиалынын кызмат адамдары 10 млн сомду кымырып алышкан


"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун айрым тилкелерин курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн