Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кыргызавтожол" ишканасы мамлекетке 10 млн сом зыян келтиргени аныкталды

25.05.2023 12:10
282
"Кыргызавтожол" ишканасы мамлекетке 10 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып «Е.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, 2020-2022-жылдар аралыгында «Е.» ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которуп жиберишкен.


Бирок, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, «Е.» ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше болучу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган.


Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн