"Кыргызнефтегаз" АККсын бир канча жыл ийгиликтүү жетектеген жана өлкөбүздөгү менеджер адистердин сап башында турган Рашит Бостонов 60 жашка чыкты.
Бостонов "Кыргызнефтегаз" ишканасын жогорку деңгээлге көтөрүп, өзүнүн мыкты кесипкөй адис экендигин далилдеген. Көптөгөн маселелерди чечүү менен бирге ишкананы өнүктүрүүдө салымы ат көтөргүс. Кыргызстандагы мыкты жетекчилердин бири.
Редакциябыздын атынан Рашит Бостоновду 60 курак жашы менен куттуктайбыз.
60 жаш Бостонов сыяктуу мыкты адистердин мамлекетти өнүктүрүүдө зор салым кошо турган мезгили. Бул курактагылар тажрыйбасы топтолуп, иштин көзүн билип калат. Биз Бостонов мырзага бекем ден соолук каалайбыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн