Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берет

25.08.2020 19:11
1199
"Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берет

 

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канат Исаев БШКнын чечимиине макул эместигин жана соттон адилеттүүлүк издерин билдирди.

 

Ал мындай чечим өкүндүрөрүн белгилеп, шайлоо процессинде мындай катачылыктар болуп турарын айтат.

 

“Бул техникалык ката. Шайлоо процессине эч кандай таасир этпеши керек. Ыйгарым укуктуу өкүл тапшырбай койду дейт, бирок ал келип “ооба” деп тастыктап, менин ишеним катым менен келген. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эмеспиз. Чечимди колго алар менен сотко кайрылабыз. Сотто адилеттүүлүктү издейбиз”, - дейт Исаев.


Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн