Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда жаңы холдинг түзүлөт

19.10.2022 17:18
726
Кыргызстанда жаңы холдинг түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда дагы бир холдинг түзүлө турганын билдирди.


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев почта кызматкерлеринин маянасы 5-6 миң сом болуп жатканын айтып, аны көбөйтүү маселесин көтөргөн.


"Кыргыз почтасы", "Кыргызтелеком", MegaCom ишканалары жана Евразиялык сактык банкын калыбына келтирүүнү чечтик. Баары бир холдингге бириктирилет. Алардын алдына биринчи кезекте маянаны көтөрүү тапшырмасы коюлган. Биз реформанын баштапкы стадиясында турабыз, маяналары кийинки жылы жогорулап калат деп үмүттөнөм", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, аталган ишканалар тапкан пайдасына жараша өзүн-өзү каржылап келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн