Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Кыргызстан" партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

06.08.2020 16:33
1546
"Кыргызстан" партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 6-августтагы жыйналышында “Кыргызстан” саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана жаңы өкүлдү дайындоо жөнүндө билдирмесин карады.


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү мыйзамдарга ылайык, Шамшидин уулу Разак “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттоо жана ага белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим чыгарылды.


Ал эми ага чейин бул орунду ээлеген Джунушев Джолдошбек Маликовичтин каттоосу жокко чыкты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн