Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:29
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу меморундумга кол коюлду

19.05.2023 13:34
434
"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу меморундумга кол коюлду

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын Сиань шаарында "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу меморундумга кол койду.


Меморандумга Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзбекстандын Транспорт министрлигинин ортосунда кол коюлду. Кол коюлган документ "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун курууну ишке ашырууну тездетет.


Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, транспорттук каттамдарды диверсификациялоо боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарын аткарууга жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн