Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 200 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

25.08.2020 15:16
886
"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 200 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Коронавирус менен күрөшүү иштерине тартылган медициналык кызматкерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Салматтык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 24-августта 200 ак халатчан Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Алар "Алтын жай" пансионатында 7 күн бою эс алышып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи. 


"Бул топко инфекция очокторунда иштеген Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери кирди", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн