Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:57
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

"Кошомат кылганды токтотуңуз": Парламентте эки депутат кайым айтыша кетти (видео)

17.06.2020 12:16
1314
"Кошомат кылганды токтотуңуз": Парламентте эки депутат кайым айтыша кетти (видео)

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамын карап жатат. Жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутат Камчыбек Жолдошев өкмөттүн курамын эртерээк колдоп берүүнү сунуштады. 


"Премьер-министрди эртеден бери эле мактап атасыңар. Түшкө чейин карап, буларды иштегенге жиберели да. Коронавирус бүгүн кечээкиге караганда 10 кишиге аз чыгыптыр.  К.Боронов буга чейин иштеп жүргөн ишин улантсын. Депутаттардын көбү түшкө чейин бүтүрөү деп суранып жатышат", - деди ал. 


Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кесиптешинин мындай сунушуна нааразы болуп: "Камчыбек байке, сизден ким суранып жатат? Өздөрү айтсын. Мактагандар сүйлөсө, сындагандарга дагы сөз бергиле! Качанкыга чейин ушинте бересиңер? Картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, кошоматчылык кылганды токтотуңуз!", - деди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн