Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Кризисти жеңе алдык": Төрага Д.Жумабековдун куттуктоосу

31.08.2020 12:54
1942
"Кризисти жеңе алдык": Төрага Д.Жумабековдун куттуктоосу


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Төмөндө төраганын куттуктоо тексти:


"Урматтуу мекендештер!


Жогорку Кеңештин  депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди өлкөбүздүн эгемендикке ээ болушунун 29 жылдыгы менен куттуктайм.!


Бул күн биздин мамлекетибиздин эң башкы майрамдарынын бири.


Бул майрам  келечекке умтулган Кыргызстандын эркиндигин туюндуруп,  анын көп кылымдык тарыхынын улуулугун, өткөн ата-бабаларыбыздын жеңиштерин жана жетишкендиктерин символдоштуруп турат.


Биз алардын мурасына татыктуу болушубуз керек.


Бул жылы биздин өлкөбүз кыйын мезгилди баштан өткөрүп жатат. Бирок, биз көп жылдар бою чогулган  кризисти жеңе алдык. Эгемендик алгандан бери  өлкөбүздүн көп жетекчилери катачылык кетиришти, анын натыйжасында биз азыркыдай акыбалга тушуктук. COVID-19 ылаңын пайда кылган кризис жашоо-турмушубуздун көп чөйрөлөрүндөгү проблемаларды ачып көрсөттү.


Бирок, мен биздин элибизге ишенем. Биз күчтүү, кайраттуу элбиз. Кечээги күндүн катачылыктарын түшүнөбүз. Өткөндүн катачылыгын мойнуна алган эл гана аларды кайра кайталабай, алга жыла алат.


Пандемия учурунда биздин жарандарыбыздын жана  тиешелүү мекемелердин тыгыз иш алып баргандыгы  бизге коронавирус илдетин жеңүүгө жардам берди. Биздин көп улуттуу калкыбыз үчүн бул чоң жеңиш.


Бирок, биз бейкапар болбошубуз керек, алдыда көп иштер турат.


Өлкөнүн эгемендиги, туруктуу өнүгүүсү үчүн көп факторлор керек. Бирок,  алар  эл өз Мекенине ишенгенде гана натыйжалуу ишке ашат.


31-август - бул биздин өлкө эгемендикке жетишкен күн, өз тагдыры үчүн өзү жоопкерчилик  алган да күн болуп саналат.


Азыр, 29 жылдык тажрыйбадан, жаңылышуулардан кийин биз кардиналдык кайра куруулар башталды деп айта алабыз, алар мезгил талабына шайкеш келет. Бирок, ар кандай реформалар сыяктуу эле аларга элдин колдоосу зарыл.


Быйылкы окуялар  Кыргызстан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир багытка жол ала алаарын, жакшылыкка умтулуп, жарандык коомдун иши жагынан  радикалдуу секириктерди жасоого жөндөмдүү экендигин  көрсөттү. Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды так аныктап, алдыбызга стратегиялык максаттарды коё билүүгө тийишпиз.


Кыргызстандын жарандары – бул көп улуттуу бир үй-бүлө. Биз өтмүшүбүздү, тарыхыбызды, бири-бирибизди баалай билүүгө жөндөмдүүбүз. Биз өзүбүздүн каада-салттарыбызды, маданиятыбызды унуткан жокпуз,  алардын кээ бирлери бири-бири менен тыгыз жуурулушуп кеткен. Биздин элибиздин эң бай мурасы дал ушунда.


Майрамыңыздар кут болсун!"

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Нурбек
Дастан Артыкбекович, чон рахмат. Мен ишенем сиз жонундо канча соз болсо да, сизди айткан создоруно бек болгон адам деп билебиз, сиздин иштериниздерге ийгилик
Айбек
Сизди дагы куттуктайбыз Дастан байке
Динара
С праздником ????????????????????????