Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Кумтөрдүн" тогуз айдагы таза кирешеси 146 млн доллардан ашыкты түздү

17.10.2023 16:52
674
"Кумтөрдүн" тогуз айдагы таза кирешеси 146 млн доллардан ашыкты түздү


2023-жылдын тогуз айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын таза кирешеси 146 миллион доллардан ашыкты түздү. Бул тууралуу ЖКнын Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.


Анын айтымында, 2022-жылы компаниянын кирешеси 387 миллион долларды түзгөн. Төлөнгөн дивиденддердин суммасы 140 миллион долларды түзөт.


«Бүгүнкү күндө биздин запаста 134 тонна алтын бар. Мындан тышкары, дагы 100 тоннадан ашык алууга боло турганы аныкталууда. Калдык сактоочу жайда дагы 120 тонна алтын бар. Резервдер жакшы», - дейт Алмаз Барыктабасов.


Депутаттар «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан тартып ишмердүүлүгүн, алтын өндүрүүнү жана сатууну изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышын карап жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн