Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кумтөрдү" ким башкарышы мүмкүн экени айтылды

17.05.2021 16:53
1546
"Кумтөрдү" ким башкарышы мүмкүн экени айтылды

Эгер "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкаруу боюнча токтом кабыл алынса, компанияга ким жетекчи болорун Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган мекеменин ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Улукбек Ормонов компания кыргыз өкмөтү тарабынан башкарыла турган болсо ким жетекчи болоруна кызыкты.


Жапаров учурда жетечилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканын айтты.


"Теңиз Бөлтүрүк ушул тапта Казакстанда бир долбоорду ишке ашырып жаткан экен. Ал чакырылды. Кызыкчылыктар кагылышы болбосун деп ал Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинен чыгып кетти (ал кеңешке мүчө катары 11-май күнү тандалган — ред.). Ал эми Абыл Сыдыков Мексикада иштеп жүрөт, бул жакка эмгек өргүүсү учурунда келди. Иштеп бер десеңер Кыргызстанга кайра көчүп келем деп жатат",— деди Жапаров.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн