Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кумтөрдү" улутташтырып, Кыргызстанга кайтарууга мүмкүн эмес

28.12.2020 14:31
1103
"Кумтөрдү" улутташтырып, Кыргызстанга кайтарууга мүмкүн эмес


Аны эл аркылуу күч менен басып алып же КР Өкмөтү аркылуу талап коюп улутташтырууга киришсе, анда чет элдиктер эл аралык сотко берет. Жыйынтыгында штраф төлөйбүз да сотто жеңилебиз. Себеби Кумтөрдун акциялары Лондондун базарында илгери эле сатылып кеткен. Ал акцияларды кайра сатып алуу керек. Бирок анын баасы асманда болсо кайра Кыргызстанга пайда эмес, зыян алып келиши мүмкүн...


Эл аралык сот Кыргызстанды карабайт. Ал пара берген же өзүлөрүнө жакындарды колдойт. Ачык айтканда эл аралык мафия Кыргызстанды уйпалап коёт.


Мисалы, Кыргызстан менен эл аралык сотто соттошкон Белоконго 16 миллион АКШ долларын, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрк жарандарына 11 миллион АКШ долларын, «Кутесай майнинг» боюнча 119 миллион АКШ долларын, ВДНХда («Бишкек» Эркин Экономикалык аймагы) имараттар комплексин арендага алышкан түштүк кореялык компанияга - 29 миллион АКШ долларын Эл аралык соттон Кыргызстан утулуп, кыңк этпей төлөшкөн!


Бул чыгымдар бюджеттин эсебинен төлөнүп, карапайым элдин мойнуна түшкөн жүк болгон. Анткени карызды жалпы өлкө төлөгөн. Кыргызстан финансылык оор абалда турганда минтип соттон утулуп, 1 млрд доллардай акча талаага кеткен.  Ошондуктан "Кумтөрдун баарын алабыз!" деген ой, идея, талап болбогон нерсе.


Ачыгын айтканда акциялары Лондондун базарында эчак сатылып кеткен, эл аралык мафия аралашкан Кумтөрдү Кыргызстанга желмогуз Президент келсе да ордуна коё албайт.


Ишке аша турганы бул - Кумтөрдү соодалагандарды, Кумтөрдөн доля алгандарды, азыр да акча алып жаткандарды камап туруп, кустуруп, алардын байлыктарын конфискация кылып бюджетке төктүрүш керек!


Кумтөрдун акциясына- дивидентине ээ болгон биздин чоңдордун акциясын Кыргызстандын пайдасына оодаруу керек!


Мындан ары Кумтөрдөн алынган доля ж.б. кирешелерди сол чөнтөккө кетиртпей бюджетке которуу учур талабы. Башка жол жок!


Абдымамбет Сариев

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурбек
Туура Кыргызстанда кумтөрдүн акцияларынан пайда көргөн биздин жарандар болсо керек ошолорду ачыкка чыгарыш керек. Эл билсин ушунча жыл ким тымызын жыргап жашап аткандарды. Ошолордун акцияларын улутташтыруу керек. Кумтөрдөн түшкөн налог жана башка акчаларды өтө катуу көзөмөлгө алуу керек. Эң маанилүүсү Кумтөрдү кылдат текшерип экологияны бузгандыгын таап чооң айыпка жыгып ошол жерди тазалатыш керек.