Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Кумтөр" алтын кенин текшерген депутаттык комиссиянын макамы өзгөрдү

24.02.2021 13:36
810
"Кумтөр" алтын кенин текшерген депутаттык комиссиянын макамы өзгөрдү

Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканасынын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын макамы өзгөрдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.


Анын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул президенттин жана өкмөттүн аппаратынын адистерин комиссиянын ишине катышуу ниетин билдиргендигине байланыштуу болду, ошондуктан анын статусу эми жогору болуп,  мамлекеттик комиссия болду. Комиссиянын макамын өзгөртүү үчүн 71 эл өкүлү добуш берди.


Депутат Умбеталы Кыдыралиев Акылбек Жапаровдун орун басары болуп шайланды.


Депутаттар буга чейинки парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын текшерүүгө ниеттенүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн