Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Кумтөр" боюнча мамкомиссиянын мөөнөтү узартылды

17.05.2021 20:27
990
"Кумтөр" боюнча мамкомиссиянын мөөнөтү узартылды

Депутаттар парламенттин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин 2021-жылдын күзүнө чейин узартты.


91 депутат “макул” деп добуш берди.


Мындан мурда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров юристтер арбитраждык процесстерде парламенттин эл өкүлү катары катышуусун сунуштаганын айткан. “Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. Баса, биздин 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт”, - деди Жапаров.


Мындан мурда Жапаров кыргыз тараптын «Центерра Голд» компаниясына дооматы 4,2 млрд долларды түзө турганын билдирген.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 2021-жылы 17-февралдагы токтому менен “Кумтөр” алтын компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн