"Кумтөр голд компани" ишканасы техникалык муктаждык үчүн 5 млрд литр өлчөмүндө таза сууну акысыз негизде колдонуп келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Centerra Gold Inc`тин директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Айта кетсек, ал бүгүн компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кете тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын аталган компания Петров көлүнөн 5 млн куб метр таза сууну колдонуп келет. Ал 5 млрд литр сууга барабар.
Бөлтүрүк Centerra Gold Inc сууну колдонуу боюнча ар кандай сандарды берип келгенин белгилеп кетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн