Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Кумтөр" компаниясынын жамааты президент, премьер-министр жана спикерге ачык кайрылуу жасады

05.03.2021 18:20
906
"Кумтөр" компаниясынын жамааты президент, премьер-министр жана спикерге ачык кайрылуу жасады

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек  жамааты президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго ачык кат жолдоду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.


Эмгек жамаат "Кумтөр" ишканасынын ишин текшерүү  үчүн мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүнө тынчсызданууда.

Биринчиден, 2013-жылы да ушундай комиссия түзүлгөн жана анын корутундусу тиешелүү органдарда бар.

Экинчиден, ишкерликти коргоо боюнча азыркы жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы келет.

Үчүнчүдөн, Мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү өзү мыйзам боюнча туура эмес.

Төртүнчүдөн, ишкана кызматкерлери азыр текшерүүнү эмес экономиканы ойлой турган кез экенин эске салат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Топчубай
Эмне чочулайсынар, таза болсоңор тынч күтүп тургула. Бизге кызыгы силерден доля алуулардын жүзүн көрүү.