Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кумтөр" мамлекеттик бюджетке 17 миллиард сом төктү

09.06.2022 09:13
318
"Кумтөр" мамлекеттик бюджетке 17 миллиард сом төктү

“Кумтөр Голд” ишканасы быйыл январь-май айларында өлкөнүн бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 17,3 млрд сом төккөнүн 8-июнда билдирди. Компаниянын расмий сайтына жарыяланган маалыматта бул сумма “рекорддук” деп мүнөздөлүп, план 74,9 млн доллар болгону, иш жүзүндө 206.2 млн доллар төлөнгөнү белгиленди.


Кендеги тоо иштери беш ай ичинде 69,15 млн тоннага жеткнни, бул аралыкта алтындын орточо курамы 3,33 г/т болгон 2 млн 705 миң тонна кен казылып алынганы маалымдалды.


Быйыл 17-майда Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенин өз алдынча башкарууга алганына бир жыл болду. Туура бир жыл мурда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган.


Булак: "Азаттык"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн