Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "Кумтөр" маселесине байланыштуу коомчулукка видео кайрылуу жасап, анда ал "Кумтөр" маселеси улуттук маселе экенин жана мындан улам саясий жеке кызыкчылыктарды токтотуп, баардык саясий күчтөрдү жана коомдук уюмдарды биригүүгө чакырды.
Анын айтымында, "Кумтөр" маселеси кыргыз элинин улуттук маселеси. Бул көйгөйдү козгойм деген кыргыздын көптөгөн мыкты уулдары өмүрлөрү менен кош айтышкан. Алардын сап башында кыргыз элинин алгачкы өкмөт башчысы Насирдин Исанов турат.
"Мындан мурдагы бийлик эч качан "Кумтөр" жөнүндө акыйкатты айта алган эмес. "Кумтөр" кыргыз элинин улуттук маселеси. Бул маселени чечүү үчүн саясий көз караштарыбыздын ар тирдүүлүгүнө карабай биригүүбүз зарыл",- деди Атазов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн