Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Курма менен ооз ачыңыз". Ошто ооз ачар үчүн 2,5 тонна курма таратылды

04.04.2023 13:59
542
"Курма менен ооз ачыңыз". Ошто ооз ачар үчүн 2,5 тонна курма таратылды


Кечээ, 3-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил Ата» борбордук мечитинде райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен «Курма менен ооз ачыңыз» аттуу акция уюштурулуп, таравих намазына келген жарандарга, жолоочуларга жана жүргүнчүлөргө ооз ачуу үчүн 800 даана курма баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Ар бир баштыкчада эки жарым килограмм курма салынып, жалпы 800 баштык 2 тонна салмакты түздү.


«Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Жарты курманы садака кылуу менен болса да тозоктон сактангыла» деп айткан. Ыйык Рамазан айы кайрымдуулуктун жана берешендиктин айы болгондуктан, Кара-Суу районунда күн-түн дебей кайрымдуулук иш-чаралары өтүп жатат. Аллах Таала Бакара сүрөсүнүн 274-аятында «Мал-дүйнөсүн күнү-түнү, жашыруун жана ашкере садака-эхсан кылган адамдар үчүн Раббилеринин алдында улук сооптор бар. Аларга коркунуч да кайгы-капа жок» деп айткан. Улуу айда, улуу күндөрдө мал-дүйнөсүн Алла жолунда сарптаган адамдарга Кудай Таала эселеген соопторду убада кылып жатат. Кудай Таала эч качан убадасына каршы иш кылбайт. Жараткан убадалаган жакшылыктарды насип кылсын», – деди Абдирашит ажы Батыров.


Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасына жалпысынан 360 миң сом акча жумшалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн