Узакка созулган оорудан кийин, 82 жаш курагында, 28-декабрда, “легендарлуу парламенттин” депутаты Керимкул Карабаев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары маалымдаган.
Ал 1939-жылы Жумгал районунун Жаңы-Жол айылында төрөлгөн.
1985-1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, эки жолу Чаек айылдык кеңешинин депутаты, партиянын облустук комитетинин мүчөсү болуп шайланган. 1998-жылдан баштап Туу-Арча дыйкан чарбасынын башчысы болгон.
Эмгек Даңкы ордени, Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер наамы, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы медалы, Президенттин Ардак грамотасы, Даңк медалы менен сыйланган.
Ага "Нарын облусунун ардактуу атуулу" жана "Жумгал районунун ардактуу атуулу" наамдары ыйгарылды.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 29-декабрда өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн