Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чоң чуу менен камалып, кайра үй камагына чыккан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы ким?

27.04.2022 16:09
5636
Чоң чуу менен камалып, кайра үй камагына чыккан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы ким?



Жакында эле чоң чуу менен камалып, кайра үй камагына чыккан Саатбек Эгембердиевдин айланасында укмуш сөздөр жүрүүдө. Биз чынында эле С.Эгембердиев ким деген суроо менен Лейлектеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жашап жаткан жергиликтүү элдерге кайрылдык...


Анда эмесе кеп учугу башынан болсун. Акыркы күндөрү Саатбек Эгембердиевдин ысымы коомчулукта кызуу талкууга алынып, кээ бирлери ууру, жегич, коррупционер десе, ал эми башкалары анын “сүттөн ак” экендигин айтып келүүдө. Чынында эле, Саатбек Эгембердиевди биринчи көргөн адамга ал мүнөзү жагынан жоош-момун, үнү токтоо, сүйлөшкөн адамды өзүнө тарта ала турган сапаты бар, акыл-эстүү, китепти көп окуган, интеллекти жагынан ошол аймактын элдеринин арасында алдыңкы катардагыларга кирет деген ой жаралат дешет. Аны менен жылдап иштеп, аны жакындан таанып билген адамдарды кепке тартканда, Саатбектин образы таптакыр башка, жогоруда айтылган мүнөздөмөлөр анын сырткы гана көрүнүшү экендигин, кала берсе анын кылык-жоруктары, жарык дүйнө менен кош айтышкан адамдардын табышмактуу ажалына байланышкан үрөйдү учурган окуяларды уктук.


Анда эмесе, абакта отурган жеринен өз өмүрүнө кол салган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жеңишбек Мурадиловдун жана азыркы учурда абакта отурган анын жанындагы кассири Мамашариптин тагдыры жөнүндөгү баяныбызды баштасак. Ал убакта Саатбек Эгембердиев жаңы эле айыл өкмөт болуп шайланып келген жана ага болгон элдин ишеничи артып турган кез эле дейт Жеңишбек менен Мамашариптин айылдаштары. Мамлекеттик бюджеттен 12 млн.уурдалган деген айып менен кылмышка шектүү деп камакка алынган Жеңишбек менен Мамашариптин окуясы ошол учурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө эң чоң резонанс жараткан болчу. Ал кылмышты көтөрүп чыккан айыл өкмөт башчысы Саатбек Эгембердиев элдин купулуна толуп, кылмыштын бетин ачканга чоң көмөк көрсөттү деп канчасы сүйүнүп, бирок бул чиеленген окуянын түпкү тамыры чубалып кайра эле ошол Саатбекке келээрин кийин түшүнүп калдык дейт ошол кездеги жергиликтүү калк. Өз атын атагысы келбеген алардын бири, тактап айтканда түрмөдө өз өмүрүнө кол салып каза болгон Жеңишбектин тууганы мындай дейт: – Маркум Жеңиш авамды көргөнү абакка барганымда, Саатбектин “кылмышты мойнуңузга ала бериӊиз, мен сизди түрмөдөн чыгартып алам” дегенине алданып калганын айткан эле, - дейт. Бул сырдын түйүнүн Жеңишбек өзү менен кошо алып кетти, бирок анын артында калган туяктарынын көз жашы дагы да болсо Саатбекти тынч уктатпай жатса керек?!


Жүрөктүн үшүн алган дагы бир окуя ошол эле Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө ири суммадагы валюта операцияларын жасап, Саатбек Эгембердиев менен чогуу мамлекеттин акчаларын айландырып жүргөн Акылбек Абдуллаевдин өз үйүндө жаткан жеринен киши колдуу болуп өлтүрүлөт. Анын башына арматура менен чабылып өлтүрүлгөндүгү тууралуу ИИМге чукул кабар келип түшкөндөн кийин, адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп, ал иштин изи сууй электе шектүү деп бир жаран кармалат, бирок күнөөсү далилденбегенине байланыштуу кийин камактан бошотулат. Демек, чыныгы күнөөкөр адам азыр дагы жазасын албай боштондукта жүрөт. Акылбектин үй-бүлөсү болсо “Кези келсе бул ишке тиешеси бар адамдар өз жазасын алат” деген үмүт менен жашап келет...


Мындан беш жыл мурда белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айылынын тургуну Кубаныч Баяновго ок атылып, алган жаракаттарынынан улам ооруканада көз жумгандыгы айтылат. Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновдун өлүмүндө дагы бир сыр жаткандай... Саатбек Эгембердиев ал кезде айыл өкмөт башчысы, ал эми Кубаныч анын оң колу, анын ишенген, эң жакын адамы, сырдашы эле. Кубанычтын өлүмү кимге керек эле?- деген суроо көптөн бери ал өрөөндө жашаган элди дагы кызыктырып, кала берсе күмөн санатып жүрөт?! Ошол кездеги Саатбек менен чогуу жасаган бизнестин сырын Кубаныч гана билет эле...


Кубаныч өлгөндөн кийин анын Саатбек менен чогуу жасаган акчалары, байлыктары, киреше булактары бирденинен кайсы жакка жоголду?! Ал убакта Кыргызстанды кармаган “шоопур” деген каймана аты менен белгилүү болгон Икрам Илмияновдун бир тууган иниси Касыт Илмияновдун жан досу болгон Саатбек бул ишти эмне үчүн иликтеп, табышмактуу өлүмдүн бетин ача алган жок?! Ресурстун баары колдо турганда бул кылмышты ачыктоо кыйынчылыкка турган эместир, бирок кайсы бир себептерден улам, ошол кездеги айыл өкмөттүн башчысы Саатбек Эгембердиев бул иштин дыкат иликтенишин тиешелүү органдардан талап кылган эмес. Азыркы күнгө чейин Кубаныч Баяновду ким өлтүргөндүгү белгисиз бойдон калууда...Кубаныч Баяновдун байлыктары ал өлгөндөн кийин кайсы жакка жоголду деген суроону коюп, укук коргоо органдары жаңыдан жагдай ачып, иликтеп берүүсүн талап кылып кетет элек дейт Кубанычтын достору жана айылдаштары.


Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши азыр тергөөдө, бирок бул иштерде дагы Саатбектин колу бар экендиги айтылат. Тактап айтканда, Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловдун коррупцияга шектелгендиги тууралуу коомчулукка маалым болгондон кийин, журналист Арзыгүл Галымбетова Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө барып, ал жерде Бекжан менен Саатбектен интервью алып, тендердеги уурдалып алынган акчалар жөнүндө кыскача репортаж жасап чыккандан кийин, Арзыгүлдүн артынан киши салып, аны кубалап барып коркуткандыгы тууралуу жанында кошо жүргөн оператору айтып берди. Чек ара баатыры болгон Арзыгүл “эч кимден коркпогон, тайманбаган, керек болсо согуш учурунда жеринен репортаж жасап канчалаган аскерлерибиздин өмүрүн сактап калган кыз эле”- деп эскеришет чек ара коомунун мүчөлөрү. Арзыгүл өлөр алдында Батмакан Жолболдуева менен Роза Мамановага нараазы экендигин, аны каралап чыгарган видео-постторунан кийин жүрөгү ооруп, өзүн начар сезип жаткандыгын жакын адамдарына билдирген экен. Ал эми интернет булактарында Роза Маманова менен Батмакан Жолболдуевалар Саатбек Эгембердиевден 3000 доллар акча алгандыгы, ага себеп болуп акыйкаттыкты ачыктагандыгы үчүн Арзыгүлдү “четке” чыгаруу буйругу келип түшкөндүгү айтылат. Бул сөздөрдүн чын-далилин укук коргоо органдары дыкат иликтеп чыгат деген үмүттөбүз...Далилденген учурда азыркы тапта камакта отурган Батмакан Жолболдуевага карата козголгон кылмыштын оордугу күчөтүлө тургандыгын дагы белгилей кетүү керек.


Ал эми Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнөн көп өтпөй, Баткен шаарында көкүрөктү үшкүртүп, жүрөктөрдү шуулдаткан дагы бир окуя болот. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев киши колдуу болуп каза болот. Убагында Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү ПОМдун башчысы болуп, Саатбек менен Аскаралинин өтө эле жакын мамиледе экендиги дагы коомчулукка маалым. Күтүлбөгөн жерден подполковникке бир нече жолу бычак менен жаракат келтирип, ал кан жоготуудан улам каза болгон. Жергиликтүү эл укук коргоо органдары бул ишти дагы дыкат иликтеп бериш керек деген пикирин билдирет. 


Сүлүктү шаарынын тургуну Мустапакул Назаров, мурдагы Баткен областтык жол кайгуул кызматынын начальниги, эсиӊиздерде болсо адам өлтүрүүгө буюртма берип, камалып чыккан. Бир нече жыл мурун РИИБдин башчысы ИИМдин тергөөчүсүнүн жардамы менен бир бизнесменди жергиликтүү бандиттер тарабынан өлтүрүүгө буйрук берилген. Кылмышкер ишти аягына чыгара алган эмес. Башкача айтканда, бизнесмен аман калган. Ал киши соттолуп, андан кийин 2020-жылы камакта бир аз отургандан кийин бошотулган. Борбордук айылындагы кампалардын “убактылуу ээси” болгон Мустапакулдун дагы Саатбек менен чогуу бизнеси болгон. Саатбек айыл өкмөт болуп турганда ал кампаларды мыйзамсыз Мустапакулга берип, алар чогуу контрабандалык жол менен иштерди жасап, биргеликте байып, керек болсо жолуна жолтоо болгондорду чогуу заказ бергенин дагы айыл тургундары билип, бирок ачыктай албай жүрөт.


Жыйынтыгында кайра эле башында берген суроолорго кайрыла турган болсок: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү табышмактуу өлүмдөрдүн артында кимдер турат?! Бул кылмыштарга тиешеси бар адамдар эмне себептен дагы деле өз жазасын албай эркиндикте жүрөт?! Укук коргоо органдары мындай кылмыштарды эмне себептен иликтебейт?! Бул жерде дагы башка сыр болушу мүмкүнбү?! Эгерде Саатбек Эгембердиев чынында эле патриот болсо, элине чын дили менен күйүп-жанып жаткан болсо, анда эмне себептен бул иштердин бетин ачууга көмөктөшкөн жок?


Атакозу Салямов


Редакциядан: Биз экинчи тараптын дагы оюн укканга даярбыз

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Тагаймуратова Айгул
Саатбек Эгембердиевти кысымга алыш керек,себеп менин куйоомго тийешеси бар,куйоом олгонун толук билет,сиздерден отунуч иликтеп иштеп беруунуздорду суранамын
Айдай Самиева
Ар бир коррупцияга аралашкан подрядчиктер Бекжан менен Саатбекке мурда доля берген болсо, эми ошол иштерди жаап жашырышка аракет кылып акчаларды берип митингдерди уюштурушуп, Бишкектеги чоңдорго акчаларды пачкалап ташып, сатып алганга жумшашып жатышат.
Жыргалбек
Эчкимди сатып алган эмес Эл озу барган Алаадан коркойлу тугандар
Айдай Самиева
Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин курулуш коррупциялык иштерине Лейлектин мурдагы акими Арипов Тиллаберди да аралашып, бюджеттин акчасын бөлүшүп жешкендиги тергөө учурунда далилденип жатыптыр. Азыркы Жалилов Бекжан менен Саатбек Эгембердиевдин акча өндүрүү, шантаж кылмай тактикасы ошол тендерлерге катышып жеп-ичмейге аралашкан курулуш фирмалардын жеткечилери жана курулушту аныктап, сметалык бааларды асманга көкөлөтүп эсептеп берген инженер, прораб, сметчиктерди коркутуп акча өндүрмөйгө өтүшкөн.
Айдай Самиева
Коорупциянын куйругу Илмияновго барып такалат. Жаңы-Жерге курулган стадиондон миллиондор ду сугунуп жеген акчалар Жусубали Исаев менен райондун финансы бөлүмүнүн башчысы Акматов Самат менен да бөлүшүлгөн. Ыраматалык Жусубали Исаев да Саатбек Эгембердиев менен аралашып жегенден кийин өлүп калган…. Так что, окурмандар, билиңиздер. Кайсы жерде жана ким менен Саатбек табакташ болуп акчаны бөлүп жеген болсо, ошол адамдар бир четтен эле өлө баштайт…
Айдай Самиева
Турабай Бостонов менен Саатбек Эгембердиев эң жакын бир туугандардан болот. Экөөнүн бизнеси башта бир болчу, анан Саатбек Икрам Илмиянов менен достошуп, анын колтугуна кирип, акчаларды Илмиянов жана мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев менен бөлүшүп, жеп баштагандан кийин Бостонов Турабайды «кидать этип», ошондон кийин арам акчаларды Илмиянов менен бөлүшүп жеп калган.