Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Ливерпуль" жеңилди. "Реал Мадрид" Чемпиондор лигасынын 14 жолку чемпиону

29.05.2022 03:46
1171
"Ливерпуль" жеңилди. "Реал Мадрид" Чемпиондор лигасынын 14 жолку чемпиону

Бүгүн футбол дүйнөсүндө чоң майрам.


Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпуль" жана "Реал Мадрид" клубу Парижде беттешти.


Оюндун биринчи мүнөттөрүнөн эле "Ливерпуль" командасы чабуулга чыгып, испаниялык команданын шаштысын алды. Бирок "падышалык" клубдун дарбазачысы ордунда болду.

Ошентип оюндун биринчи таймы жыйынтыкталды.


Экинчи таймдын 59-мүнөтүндө "Реал Мадрид" контрчабуулга чыгып дүйнөдө эң жаш жылдыз оюнчулардын бири Винисиус Жуниор эсепти ачты жана "Реал Мадридди" алдыга алып чыкты.


Акыркы мүнөттөргө чейин англиялык клуб чабуул койбосун майнап чыккан жок.

Ошентип, "Реал Мадрид" Европадагы эң башкы турнирди 14 жолу жеңип, тарых жазды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн