Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү

25.06.2020 15:34
989
"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү


Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Г.Асылбаева менен А.Осмонова демилгелеген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдирди.

 

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.

 

Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

 

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев жана Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгилесе, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жааттан алганда аткарышы мүмкүн эмес экендигин айтты.

 

Суроолорго жооп берген демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталгандыгын айтып, сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок экенин белгиледи


Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтиришти. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.


Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн