Үстүбүздөгү жылдын 11 айында «Манас» эл аралык аэропорту 4,7 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп.
Жүргүнчүлөрдүн 3,3 миллиону эл аралык каттамдар менен, 1,4 миллиону ички каттамдар менен пайдаланган.
Ошондой эле 11 айда 38400 каттам ишке ашырылган. Алардын 25600ү эл аралык каттамдар, 11900ү ички каттамдар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн