"Манас" эл аралык аэропорту 18 миң чарчы метрге кеңейүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө терминалдын аянтын кеңейтүү боюнча курулуш иштери башталды. Заманбап, технологиялык жактан бардык талаптарга жооп берген жаңы терминал жүргүнчүлөр жана авиакомпаниялар үчүн бир кыйла ыңгайлуу болмокчу.
Жаңы комплекс эң акыркы техникалар менен жабдылат: кенен күтүү залдары, кеңейтилген каттоо зонасы, жакшыртылган коопсуздук системасы, ыңгайлуу эс алуу зоналары, ошондой эле эл аралык жана ички каттамдар үчүн заманбап инфраструктура.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК эл аралык стандарттарга жооп бере турган жана жүргүнчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырган заманбап авиациялык мейкиндикти түзүү үчүн алдыга ишенимдүү кадам таштоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн