Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас" аэропорту жаңы жылга карата жүргүнчүлөргө сюрприз уюштурду

31.12.2020 16:19
1164
"Манас" аэропорту жаңы жылга карата жүргүнчүлөргө сюрприз уюштурду

"Манас" эл аралык аэропорту жаңы жылга карата жүргүнчүлөргө күтүүсүз белектерди уштурду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Бүгүн, 2020-жылдын 31-декабрында, өлкөнүн башкы аэропортунда Ош шаарына учкан жүргүнчүлөр Жаңы жылдык сюрпризге күбө болушту. Жергиликтүү каттамдар тармагында, Аяз ата менен Аяз кыз аэропорттун жүргүнчүлөрүнө жана конокторуна таттуу белектерин тапшырышты, айрыкча жаш жүргүнчүлөр кубанышты. Жүргүнчүлөрдү Жаңы жыл менен куттуктоо жыл сайын өткөрүлүүчү жакшы салтка айланды.


"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги жана эмгек жамааты бардык жүргүнчүлөрдү келе жаткан 2021-жыл менен куттуктайт жана бекем ден-соолук жана бакыт каалайт!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн