Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 04:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Манас" аэропорту жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүү киргизди

13.05.2024 14:40
181
"Манас" аэропорту жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүү киргизди

“Манас” эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу экинчи кабатка көчүрүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аба майданда жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында, жергиликтүү учуу залынын жана стерилдүү аймактын катталуу аймагында кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу жергиликтүү каттамдарга жүргүнчүлөрдү каттоо экинчи кабатта жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, жүргүнчүлөр каттоодон өткөндөн кийин ички каттамдар үчүн конуу зонасы жайгашкан сектордун биринчи кабатына түшөт. Ал жерден учуу алдындагы текшерүүдөн өткөн соң учакка отурушат.

“Ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрүнүн жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн багажды кабыл алуу залында) берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн