Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Манас" аэропортун реконструкциялоого 400 млн доллар керектелет

10.06.2022 12:03
840
"Манас" аэропортун реконструкциялоого 400 млн доллар керектелет

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотовдун журналисттер менен жолугушууда 2019-жылы октябрда Экономика жана коммерция министри жана Эл аралык каржы корпорациясынын ортосунда (IFC) “Манас” аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоору боюнча каржылык жана консультативдик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлганын маалымдады.


Директордун айтымында, IFC ошондой эле Кыргызстан үчүн ачык атаандаштык жана үнөмдүү шарттар аркылуу квалификациялуу эл аралык инвесторду тартууга жардам берет.


Азыркы учурда КР министрлер кабинети IFC`нин жардамы менен аталган ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууда.


Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды гана эмес, башкаруунун алдыңкы тажрыйбасын да жумшай турган эл аралык инвесторлор тартылат деп күтүлүүдө.


Долбоордун башкы максаты – Борбор Азияда ири аймактык хаб түзүү.


Санжар Болотовдун айтымында, мамлекет долбоорду ишке ашыруунун эсебинен ири инфраструктуралык инвестиция тартып, “Манас” аэропортунан түшкөн киреше, жүргүнчү жана жүк ташуу көбөйөт, авиация тармагындагы бизнес процесстер жакшырат.


“Жалпылап айтканда, инвестиция катары 400 млн доллар тартуу жана келишимдин мөөнөтүнүн аягында жүргүнчү ташууларды 9 млн жүргүнчүгө (азыркы учурда 2,1 млнго жетүүдө) чейин көбөйтүү пландалууда”, - деди ал.


Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө инвесторлор тарабынан төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлөт:


- учуу-конуу тилкесин толук оңдоп-тузөө;


- тумандуу шарттарда учуп-конуу маселесин чече турган эски жабдууларды заманбап жабдууларга алмаштыруу;


- учурдагы жүргүнчү терминалдарын модернизациялоо, жаңыларын куруу;


- жүк терминалдарын куруу;


- аэропорттун ички инфраструктурасын жакшыртуу жана анын коопсуздугун жогорулатуу;


- көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу.


“IFC`нин сунуштамасына ылайык, инвесторду тандоо бир нече этап менен өтөт. Биринчи этапта алдын ала квалификациялык тандоо өткөрүлөт, аны жылына 3 миллиондон кем эмес жүргүнчү агымы менен эл аралык аэропортту башкаруу тажрыйбасы, финансылык туруктуулугу жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар компаниялар өткөрүшөт. Финалдык жана техникалык сунуштарды баалоо жыйынтыктоочу этап болот, андан соң жеңүүчү аныкталат”, - деди Болотов.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн