Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Манас" аэропортун туман каптады. Учактар башка шаарларга конууда

29.12.2021 11:11
695
"Манас" аэропортун туман каптады. Учактар башка шаарларга конууда

«Манас» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 28-декабрынан 29-декабрына караган түнү коюу туман байкалууда.


Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.


"Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Кувейттен «Джазира», Дубайдан «Флай Дубай» жана Шарджадан «Эйр Арабия». Ошондой эле Москвадан «АвиаТраффик» жана Делиден «Аэро Номад Эйрлайнс» учактары Оштогу кошумча аэродромго конду. Андан сырткары, Маскаттан «Салам Эйр» учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго конгон. Ички каттамдар дагы кармалууда", - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн