Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын учуп келген "Сомон Эйр" учагы менен учуп келген тажикстандыктарды Кыргызстанга киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы аэропорттун жетекчилигине таянып билдирди.
Маалым болгондой, 25-май күнү учуп келген самолетто 189 тажик жараны жана 9 башка өлкөлөрдүн жараны болгон. Үчүнчү өлкөлөрдүн жараны Кыргызстанга киргизилген. Ал эми тажик жарандары ошол борт менен 2-3 сааттан кийин кайра Тажикстанга жөнөтүлгөн.
Пикирлер (20)