Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 05:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас" аэропортунан кайсы шаарларга учса болот? Жайкы график

07.06.2022 10:48
461
"Манас" аэропортунан кайсы шаарларга учса болот? Жайкы график

“Манас” эл аралык аэропорту ушул жайда уча турган эл аралык каттамдардын тизмесин берди.


Казакстан:


Алматы-Бишкек-Алматы. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, күн сайын;


Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;


Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан. «Флай Арыстан» авиакомпаниясы, 18-июлдан тартып дүйшөмбү күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.


Алматы-Бишкек-Алматы. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы, 13-июлдан тартып күн сайын учууларды аткарууну пландаштырууда.


Өзбекстан:


Ташкент-Бишкек-Ташкент. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү.


Түркия:


Стамбул-Бишкек-Стамбул. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, күнүгө бир нече каттам - жумасына 16 каттам аткарууну, ошондой эле 1-июндан тартып дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү дагы 3 каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда.


Анталия-Бишкек-Анталия. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, 3-июндан тартып шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учууну пландаштырууда;


Стамбул-Бишкек-Стамбул. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам;


Анталия-Бишкек-Анталия. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы,дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;


Даламан-Бишкек-Даламан «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы 28-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.


Бириккен Араб Эмираттары:


Дубай-Бишкек-Дубай. «Флай Дубай» авиакомпаниясы, күн сайын;


Шарджа-Бишкек-Шарджа. «Эйр Арабия» авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учууларды аткарууну, ал эми 17-июндан тартып дүйшөмбү жана ишемби күндөрү 2 каттамга көбөйтүү пландаштырууда.


Кувейт:


Кувейт-Бишкек-Кувейт. «Аль-Жазира» авиакомпаниясы, шаршемби жана жума күндөрү.


Монголия:


Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор. «Хунну Эйр» авиакомпаниясы, шейшемби жана ишемби күндөрү.


Иран:


Мешхед-Бишкек-Мешхед. «Вареш Эйрлайнс» авиакомпаниясы, бейшемби күнү.


Кытай:


Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү, «Южно-китайские авиалинии» авиакомпаниясы 21-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.


Россия:


Москва-Бишкек-Москва. «Аэрофлот» авиакомпаниясы жумасына 14 каттам аткарууну пландаштырууда;


Москва-Бишкек-Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын;


Бишкек-Москва-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, күн сайын;


Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, дүйшөмбү шаршемби жана жума күндөрү. 7-июндан тартып шейшемби жана бейшемби күндөрү 2 каттамга көбөйтүү пландаштырууда;


Самара- Бишкек- Самара. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, бейшемби күнү;


Сочи- Бишкек- Сочи. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, жекшемби күнү;


Иркутск- Бишкек- Иркутск. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, жекшемби күнү;


Новосибирск-Бишкек-Новосибирск. «Сибирь» авиакомпаниясы, күн сайын;


Бишкек-Новосибирск-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, шейшемби жана жума күндөрү;


Бишкек-Иркутск-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, бейшемби күнү;


Бишкек-Казань-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, дүйшөмбү күнү;


Бишкек-Красноярск-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, шейшемби күнү;


Бишкек- Санкт-Петербург-Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, ишемби күнү;


Тюмень-Бишкек-Тюмень. «Северный ветер» авиакомпаниясы, ишемби күнү.


Ички каттамдар:


Бишкек-Ош-Бишкек «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күнүнө 2 каттам аткарат;


Бишкек-Ош-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, күнүнө 5 каттам аткарат;


Бишкек-Ош-Бишкек «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы, 1-июндан тартып жумасына 4 жолу- дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;


Бишкек-Баткен-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу - шейшемби жана бейшемби күндөрү аткарат;


Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 3 жолу - дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарат. 1 июндан тартып күнүгө учууларды аткарууну пландаштырууда;


Бишкек-Исфана-Бишкек «Тез Жет» авиакомпаниясы, жумасына 1 жолу - шаршемби күнү аткарат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн