«Манас» аэропортунун кызматкерлери КРдин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын бардык кызматтарынын кызматкерлери, 2021-жылдын 26-августунда КРдин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына ишембиликке чыгышты.
Жалпы жамааттын биргелешкен аракети менен аэропорттун аймагындагы таштандылар чогултулуп, куураган чөптөр жана жалбырактар жыйналды.
Кызматкерлердин активдүүлүгү жана шаңдуулугунун аркасында, тазалоо иштери ыкчам жана көңүлдүү өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн