Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Манас" аэропортунда эмдөө пункту ачылды

11.08.2021 14:23
746
"Манас" аэропортунда эмдөө пункту ачылды

"Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, эмдөө пункту саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.


Белгилей кетсек, "Берекет Универсал" соода борборунда жайгашкан эмдөө пункту Жаш Гвардия бульвары №4 дареги боюнча Ленин районунун Калкты тейлөө борборлоруна көчүрүлгөн.


"Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.


Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн