Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Манас" аэропортунда унаа жарылдыбы? Милициянын жообу

20.09.2021 10:38
1052
"Манас" аэропортунда унаа жарылдыбы? Милициянын жообу

Социалдык тармактарда «Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу таралып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.


Маалыматка ылайык, 20-сентябрда болжол менен 02:30дар чамасында Сокулук райондук нөөмөт бөлүмүнө «Манас» аэропорту жакта унаа токтотуучу жайда унаа жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.


Милиция кызматкерлери келип, 20-сентябрда болжол менен саат 02:20лар чамасында кыска туташуудан улам «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин аныкташкан.


Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери унаанын ээси 1981-жылы туулган Т.А.ны сурашканда, ал унаа кыска туташуудан улам өрттөнүп кеткендиктен эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн