Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Манас" аэропортунун аймагына 200 түп көчөт отургузулду

01.04.2022 15:10
454
"Манас" аэропортунун аймагына 200 түп көчөт отургузулду



«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилиги жана кызматкерлери бүгүн, 2022-жылдын 1-апрелинде «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында башкы аэропортунун аймагында ишембилик өткөрүп, 200 түп эмен жана теректин көчөттөрүн отургузушту.  Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө, «МЭА» ААКнын кызматкерлери аэробекетке жакын аймактарда көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүп, кампалардын, өндүрүш аянтчаларынын жана жайлардын аймактарын иретке келтиришти. Ошондой эле, аэробекетке жакын аймактарда таштандылардан жана куураган чөптөрдөн санитардык тазалоо иштери жүргүзүштү.


«МЭА» ААК Башкармалыгынын Төрагасы – Башкы директору Бакыт Шаршеев «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ал баарыбызды бириктирген, коомго пайдалуу ишке жеке катышууну сезүүгө мүмкүнчүлүк берген жана салтка айланган иш боло турганын айтты.


«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы жана тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында башталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн