Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас" аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков өндүрүш кызматтарынын иш шарттары менен таанышты

30.12.2020 18:24
906
"Манас" аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков өндүрүш кызматтарынын иш шарттары менен таанышты

"Манас” эл аралык аэропорту күнү-түнү иштейт, аэропортто 1700гө жакын кызматкер иштейт.


2020-жылдын 28-декабрында Башкармалыктын төрагасы – “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Башкы директору Бактыбек Сыдыков өндүрүштүк кызматтардын иштөө шарттарын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөрдү, алар:


 • Маалыматтык технологиялар жана байланыш кызматы,

• Учууларды электр жарыгы жана техникалык жактан камсыздоо кызматы,

• Перронду жана атайын авто унааларды тейлөө кызматы,

• Аэродромдук кызмат,

• Авиацялык коопсуздук кызматы,

• Медициналык-санитардык бөлүгү

• Ыкчам башкаруу борбору,

• Авиажүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматы,

• Санитардык жана техникалык жактан камсыздоо кызматы

• Административдик-чарба бөлүмү,

• Учууларды кырсыктан сактоо, өрт өчүрүү кызматы,

• Расмий өкүлдөрдү тейлөө кызматы.


 «Пандемияга карабастан,«Манас» эл аралык аэропорту күнү-түнү иштөөдө. Биз өндүрүштүк кызматтардын ишин жана бардык комплекстин аймагын - аэропорттун унаа токтотуучу жайына автоунаалардын киришинен тартып, учактын көтөрүлүшүнө чейин текшерип чыктык.

Эмгек шарттарын, нормалардын сакталышын текшерип, чайынмаларды, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү, ашкананы карап чыктык. Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча, айрым мыйзам бузууларды четтетүү жана кээ бир кызматтардын иштөө шарттарын жакшыртуу тапшырмасы берилди», - деди Бактыбек Сыдыков.


Башкармалыктын Төрагасы кеңселерди көчүрүү боюнча техникалык тапшырманы даярдоону, кийим алмаштыруучу жана тамактануучу бөлмөлөрдү жабдууну, кызматкерлерди сапаттуу атайын кийим менен камсыз кылуу, жаңы кийим сатып алуу зарылдыгы жөнүндө сунуштарды карап чыгуу ж.б. тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн